Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Германия кайсы багыттарда кызматташат?

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 565 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасай турчу мамлекеттик сапары учурунда кайсы документтерге кол коюлары кабарланды.

Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматында, тараптар соода-экономика, гидроэнергетика, айыл чарбасы, туризм багыттары жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кооперативдик системалар боюнча маселелерди карашат.

Ошондой эле Германиянын жардамы менен Кыргызстанда фитосанитардык лаборатория ачылып, кыргызстандык адистерди Бавария фитосанитардык лабораториясында стажировкадан өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрөт.

Мындан тышкары, Германия менен Кыргызстандын айыл чарба жана гидроэнергетика багытын окуткан жогорку окуу жайларынын кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюлат.

Президент Сооронбай Жээнбеков апрель айынын ортосунда Германияга расмий сапар менен барарын 11-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаев билдирген. Бул Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчысы катары Германияга биринчи жолку расмий иш сапары болот. Анда президент аталган өлкөнүн Мюнхен, Берлин шаарларында болуп, Германия өлкөсүнүн жогорку жетекчилиги менен расмий жолугушууларды өткөрөт.

Мындан сырткары бизнес-форумга катышып, Германиядагы мекендештерден да кабар алат.

Copyright © 2017 Maral FM