Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы митинг өткөрүүгө башка аймакты сунуштады

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 466 | 0

Мурунку депутат Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына 13-апрелде Бишкектеги борбордук аянтта өткөрүү белгиленген митингди Максим Горький сейил багында өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынан билдиришти.

«Республика» партиясы 13-апрель күнү Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында митинг өткөрүүнү пландаган. Бүгүн Талас мэриясы борбордук аянтта Бабановдун тарапташтарына митинг өткөрүүгө тыюу салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө Талас шаардык администрациясынын алдындагы аянтка медициналык жана башка муниципалдык мекемелер, мектептер жайгашканына байланыштуу митинг өткөрүүгө тыюу салынары айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM