Биз менен байланышыңыз

Талас мэриясы «бабановчулардын» митинг өткөрүүсүнө уруксат берген жок

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 528 | 0

Талас мэриясы борбордук аянтта саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Республика» партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Кенжебек Бокоев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ката айтылгандай, Талас шаардык администрациясынын алдындагы аянтка медициналык жана башка муниципалдык мекемелер, мектептер жайгашканына байланыштуу Бабановду тосуп алуу үчүн митинг өткөрүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле аянт 13-апрель күнү бош болбой турганы айтылган.

Буга чейин партия Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине байланыштуу 13-апрелде митинг өткөрөрүн билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM