Биз менен байланышыңыз

«Указ, токтомдордун аткарылышы боюнча ылдый жакта референдум өтүп калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 700 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке кайрылуу жасап, өкмөттүн жоопкерчилигин өзүнө алды. Бирок бул премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевге аброй алып келбейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда президентке чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Эгерде Жээнбеков экономика боюнча өкмөт көбүрөөк иштесин десе, анда өкмөттөгү кадрларды да карашы зарыл.

«Абылгазиев президенттин ишениминен пайдаланып, анын канатынын астында жүрүп, эми «мен тазамын, мага тийишпегиле, мына президент жооп берет» деп… Өкмөттү отставкага кетирип, министрлерди алмаштыруудан чочулабашыбыз керек. Учурда өкмөттүн да, президенттин да аппаратында саботаж көп. Жадагалса, президенттин жобосу, өкмөттүн токтому турса да, аны аткаралыбы же аткарбай коёлубу деп ылдый жакта референдум өткөзүп кылышты. Толук саботаж болуп жатат», — дейт Казакбаев.

Copyright © 2017 Maral FM