Биз менен байланышыңыз

«Бабанов бир да саясий күчкө кошулбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 450 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде саясатта пикир келишпестик болсо да, сөзсүз түрдө бийлик менен консенсус болушу керектигин билдирди.

Анын айтымында, оппозиция да, бийлик да — Кыргызстандын жарандары.

«Акыркы убакта Өмүрбек Бабанов боюнча болгон сүйлөшүүлөргө катышкан жокмун. Бийлик менен сүйлөшүү сөзсүз болушу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жеке кызыкчылыктарды четке коюу зарыл. Бабанов бир да саясий күчкө кошулбай, муктаждык болсо өкмөткө, бийликке жардам берүүгө даяр экенин билдирди», — дейт Казакбаев.

Ошондой эле, эгер Бабановдун бийликке кереги жок болсо, ал бизнесмен катары өз ишин уланта берерин белгиледи.

Эл өкүлү кошумчалагандай, саясатчыларга карата кылмыш иштердин баары мурдагы бийликтин буйругу менен ачылган. Алар президент Сооронбай Жээнбековго саясий мурас болуп калды.

«Туура чечим чыгаруу президенттин, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин колунда. Эми саясий буюртмаларга карата президент калыстык менен адилет мамиле кылат деген ойдомун. Президент соттордун чечимине түз кийлигишпейт, бирок өлкөдө сот системасы, укук коргоо органдары президенттин апппараты менен байланышат», — дейт Казакбаев.

Copyright © 2017 Maral FM