Биз менен байланышыңыз

12-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Өкмөттүн отчётун карайт

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 422 | 0

Эртең, 12-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Өкмөттүн отчетун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу Фейсбук баракчасына жарыялады.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, Өкмөттүн ишине оң баа берди.

Мамлекет башчынын экономикалык маселелерге көбүрөөк токтолушун, өкмөт үчүн санаа тартып жаткандай элес калтырганын коомчулук талкулоодо.

Copyright © 2017 Maral FM