Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү соттордун судьяларына 12 талапкер дайындалды

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 463 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо» жана «Аларды Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү» жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргызстандын Жогорку сотуна — 1, Чүй облустук сотуна — 2, Жалал-Абад облустук сотуна — 4, Ош облустук сотуна — 7 жана Ысык-Көл облустук сотуна — 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

4-апрелде Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент  жергиликтүү сотторго 12 талапкер боюнча аталган кеңештин сунушуна макул болду.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 12 талапкери боюнча Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 12 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

Чүй облустук сотуна — Нурдин Абдырасулов, Жыргалбек Жамангулов;

Жалал-Абад облустук сотуна — Нурлан Айтмырзаев, Улукбек Калыбеков ;

Ош облустук сотуна — Алмаз Абдугапаров, Эркин Дүйшеев, Койчубек Жобонов, Шарипбек Жунусов, Самарбек Закиров, Эльнара Мадмарова;

Ысык-Көл облустук сотуна — Канат Аманов, Эркин Пазылов жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM