Биз менен байланышыңыз

Мектепке чейинки билим берүү 2,2 %га өстү

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 726 | 0

Мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун ар кандай түрлөрү менен 3- 7 жашка чейинки балдардын 40,9 %ы камтылган. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мектепке чейинки билим берүү 2018-2019-окуу жылында 26,2 %ды түздү. Бул 2017-2018-окуу жылына салыштырмалуу 2,2 %га өстү.

Мектептердин алдында 7 358 баланы камтуу менен 100 мектепке чейинки билим берүү жайлары ачылган.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 10 000 баланы камтуу менен кыска мөөнөттүк 120 бала бакча ачылган. 217 бала бакчанын мурунку имараттары түз багыты боюнча иштөө үчүн бошотулган, алардын ичинен 178 бала бакча пайдаланууга берилген.

2018-жылы Бишкек жана Ош шаарларында бала бакчаларга электрондук кезекке туруу киргизилди, анын базасында 35 170 электрондук өтүнмө берилген, бала бакчаларга 22 407  бала жайгаштырылды.

Жалпысынан мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун ар кандай формалары менен 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын 40,9 %ы камтылган.

Республикада 2 265 жалпы билим берүү мекемесинде 1 268 068  окуучу окуйт.

Copyright © 2017 Maral FM