Биз менен байланышыңыз

Таласта 28 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткандар колго түштү

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 427 | 0

Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде мыйзамсыз ташылып келаткан 28 тонна күйүүчү майды колго түшүрдү. Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бүгүн аталган өткөрмө бекетине Казакстан тараптан келген «Volvo» жүк ташуучу унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда бензанол деп катталган жүк болжол менен 28 тонна күйүүчү май болуп чыккан.

Тиешелүү документтери жок жүктү алып өтүүгө аракет жасаган 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны К. А. кармалып, ташып бараткан жүгү менен кошо КРнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM