Биз менен байланышыңыз

«Президент депутаттарга «өкмөттү кетирбей коё туралы» деген белги берди»

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 818 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке болгон кайрылуусунда өкмөт жакшы иштегенин белгилөө менен депутаттарга «өкмөттү кетирбей коё туралы» деген белги берди. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Кадырбеков митинг эч нерсе чечпейт деген маселени бардык президенттер айтарын, бирок ал эч кандай пайда алып келбей турганын белгиледи.

«Митинг кылбагыла, тынччылык болсун деген ураан эч нерсени чечпейт. Президент ага жеткирбей, көтөрүлүшкө чыгам деген адамдар менен бетме-бет сүйлөшүп, диалогго келиши керек. Эгерде Жээнбеков коррупция менен күрөшкүсү келсе, мыйзамдарды инвентеризация кылышы керек. Ошондо гана паракорчулукка каршы күрөш жүрүп жатат деп эсептесек болот», — дейт Кадырбеков.

Анын пикиринде, президент парламентте «Кумтөр» маселесин да көтөрүп, көз карашын так билдириши керек болчу.

«Ушул убакка чейин өкмөт да, президент да «Кумтөр» боюнча эч бир оюн айта элек. Бул маселе боюнча Жээнбеков өзүнүн көз карашын айтканда, парламент да ошого жараша жолун тандамак», — дейт саясатчы.

Кадырбеков кошумчалагандай, Жээнбеков өлкө башчы катары өткөн бийликтин туура эмес чечимдерин оңдоп, унутулуп калган маселелерин кайра көтөрүп чыгышы зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM