Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков парламентте бардык күчтөрдү биригүүгө чакырышы мүмкүн»

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 431 | 0

11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште бардык күчтөрдү биригүүгө чакырышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков учурдагы саясий кырдаалга, өлкөнүн келечектеги багытына байланыштуу кайрылуу жасап жатат.

Президент парламент аркылуу жалпы элге кайрылат.

Адатта өлкө башчылар парламентте кайрылуу жасаганда, өлкөнүн келечегине байланыштуу маселелер, алдыдагы максаттар, жакынкы аралыкта аткарылышы керек болгон иштер тууралуу айтат.

Бирок, Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу учурдагы абалга да баа бериши ыктымал.

Белгилей кетсек, Жээнбеков эртең, 11-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM