Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Керек болсо президентке да, өкмөткө да жардам берүүгө даярмын

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 705 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов алдыдагы пландары боюнча айтып, эң биринчи планы Кыргызстанга тынч кайтып келүү менен козголгон кылмыш иштерин жабуу экендигин НТС каналына берген маегинде билдирди.

«Биринчи кезекте  козголгон саясий иштер жабылып, андан кийин менин тажрыйбам, акылым керек болсо, мен өкмөткө да, президентке да жардам берүүгө даярмын. Себеби, биздин мамлекеттик иш болуп жатат», — деди Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле, Өмүрбек Бабанов айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча, IT технология боюнча, ошондой эле Сколково менен кызматташуу боюнча жардам берүүгө дайым даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, сөзсүз түрдө фонд ача турганын билдирип, фонд жаңы стартап компанияларга, мектепти жакшы окуп, жакшы аяктаган жаштарга чет өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууга жардам бере турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM