Биз менен байланышыңыз

«Түркияда билимдүүлөр “Адилет жана Өнүгүү” партиясын көп колдобойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2019 | 553 | 0

Түркиядагы шайлоодо президент Режеп Тайып Эрдогандын «Адилет жана Өнүгүү» партиясы ири шаарларда да жеңишке жеткенде, Эрдоган эл аралык маселелерди чечкен лидер катары каралмак. Бул тууралуу саясат талдоочу Марат Казакпаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркияда жергиликтүү бийликке жана шаарлардын мэрлигине талапкерлерди шайлоодо «Адилет жана Өнүгүү» партиясына негизинен соодагерлер, орто катмардагы жарандардын басымдуу бөлүгү добуш берди.

Ал эми интеллегенттердин басымдуу бөлүгү: дарыгерлер, укук коргоочулар жана башкалар аталган партияга каршы. Башкача айтканда, коомдун билимдүү катмары «Адилет жана Өнүгүү» партиясын көп колдобойт. Алар — дээрлик оппозицияда.

Эрдоган шайлоонун арты менен күчүн сынап, «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын колдоочуларын, шайлоочулардын санын билүүгө кызыкдар болгон. Бирок шайлоо Эрдогандын тарапташтарына катуу сокку болду.

Казакпаев буга кошумча, Түркия АКШдан алыстап, Орусияга боор басып баратканы ачык көрүнүп турганын белгиледи.

Эске салсак, 31-мартта Түркияда жергиликтүү бийликке жана шаарлардын мэрлигине талапкерлерди шайлоо өткөн. Анда бийликтеги «Адилет жана өнүгүү»  партиясы аймактардын 45 %га жакынында жеңишке жеткен. Бирок эң маанилүү жана стратегиялык делген Анкара, Измир жана Стамбул шаарларын жетектөөнү «Республикалык кыймыл» партиясына алдырып жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM