Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Мирослав Лайчак менен жолугушту

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 422 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде, ЕККУнун учурдагы төрагасы, Словакиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мирослав Лайчак менен Кыргызстан жана ЕККУнун өз ара мамилеси жана ошондой эле Кыргызстан менен Словакиянын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

«Словакия демократиялык шайлоонун эң бийик үлгүсүн көрсөттү, сиздердин Президентке жана өлкөгө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Биз эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ЕККУнун Академиясынын ишмердигине токтолуп, аны мындан ары дагы тереңдеп, кеңейиши керек болгон уникалдуу долбоор деп атады.

«Биз өлкөнүн өнүгүүсүнүн демократиялык жолуна, парламенттик демократиянын бекемделишине, коррупция менен аёосуз күрөшкө, адам укуктарын, эркиндиктерин жана сөз эркиндигин коргоого бекем турабыз. 2020-жылы демократиялык, таза, ачык парламенттик шайлоону өткөрүүгө чечкиндүү даярбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана ЕККУнун төрагасы Мирослав Лайчак ошондой эле ЕККУнун жана Евробиримдиктин алкагында социалдык-экономикалык кызматташтык боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы жолугушуунун соңунда, Кыргызстан ЕККУ менен кызматташуунун темпин жана деңгээлин азайтпастан, мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM