Чүй облусунун Сокулук районунда унаасында эркек адам атылган октон каза болгон окуя катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Маркум өзүн-өзү атып алган деген божомолдор айтылууда.
Учурда ыкчам топ жерине барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Каза болгон жарандын ким экендиги, кырсыктын келип чыгышы аныкталууда.