Биз менен байланышыңыз

Оштогу стадион оңдолду [ФОТОБАЯН]

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2019 | 689 | 0

Оштун Акматбек Сүйүмбаев атындагы Борбордук стадионунда пландалган оңдоо иштери 90%га аткарылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Стадионду оңдоо демилгесин калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов көтөрүп, жергиликтүү ишкерлер да колдоого алган.

«Шаардыктарга колдон келишинче шарт түзүп бергенге аракет жасайбыз. Баарын бир күндө чече албасак да, тынымсыз аракетте болушубуз керек. Бир гана мэрия эмес, ишкерлер да колдоп жатышат. Шаар — жалпыбыздыкы. Биз да ишкерлерди колдойбуз. Шаардык мэрия эл үчүн иштейт. Быйылкы жылы бир топ пландарды ишке ашырабыз»,-деди Таалайбек Сарыбашов.

Учурда оңдоп-түзөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM