Биз менен байланышыңыз

Каракчылык менен алектенген жарандар кармалды

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 450 | 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында каракчылык менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

7-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалгандыгы жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Арызда кылмышкерлер «Субару» үлгүсүндөгү автоунаасы менен жабырлануучунун автоунаасын тосуп, тапанча менен коркутушуп, физикалык күч колдонушуп, 2000 сомдон ашык акча каражатын тартып алышкан.

Кылмыш ишине шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургундары, 1997-жылы туулган А. К. жана 1998-жылы туулган О. Д. аттуу жарандар кармалышкан.  Ошондой эле үчүнчү шектүү 2001-жылы туулган А. Б. аттуу 18 жашка толо элек жана 9-класстан кийин окубай калган жаран кармалды.

«Субару-Легасу» үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда ичинен оюнчук тапанча, бир нече бычак, акча каражаты жана документтер табылган.

Аталган факты Кылмыш жана кырсыктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Кармалган эки жаран  А. К. жана О. Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган топтун ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM