Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Атамбаевдин көчү уланып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 652 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин көчү уланып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин учурунда саясий куугунтук менен камалган бир да саясатчы бошотула элек.

— Атамбаев азыркы бийлик Бакиевдин жолун жолдоп, үй-бүлөлүк башкаруу уланып жатканын айтты. Менин пикиримде андай болгон жок. Азыр Атамбаевдин жолу уланып жатат. Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаев көчөдө эле жүрөт. Бийлик аларды чакырып, бир суракка алып койгонго жарабай жатат. Демек, Атамбаевдин саясий репрессия кылганын таанып, жолун улантып жатышат.

Эл өкүлү белгилегендей, Өмүрбек Текебаевдин камакта отурганы бийлик үчүн ыңгайлуу болуп жатат. Укуктук, саясат таануу илими жана моралдык жактан алганда да саясий куугунтукка алынган саясатчылар боштондукка чыгышы керектигин эске салды.

— Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп берип жатып, анын учурунда саясий репрессия кылганын айтты. Хрущёв дагы Сталиндин репрессия кылганын далилдейм деп баарын реабилитация кылган. Андан кийин келген Брежнев Хрущев туура эмес камаган деп камалгандарды бошоткон. Азыркы кырдаалда Алмазбек Атамбаевдин чырагына май таамп турат.

Эл өкүлү белгилегендей, кийин Алмазбек Атамбаев өз учурунда саясий куугунтук болбогонун азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун маалында камактагы эч кайсы саясатчынын бошотулбаганы менен далилдей алат.

Copyright © 2017 Maral FM