Биз менен байланышыңыз

Жетекчи менен туура «урушуңуз»

Блог | 8 Апр 2019 | 1360 | 0

Ар бирибиздин жетекчибиз кокусунан эле алмашып калышы толук ыктымал. Эгерде сиз жумушуңузду алмаштырбай турсаңыз деле сиздин жетекчиңиз башка жаңы орунга кетиши мүмкүн, же болбосо сиздин бөлүмүңүздү башка адам башкарса жакшы болот деп чечиши мүмкүн. Бул жерде канча жылдан бери иштейм деп өзүңүздүн оюңузду бербей туруп алсаңыз болот, жана да…

Карьералык консультант Людмила Лукина менен биргеликте tengrinews.kz зыяндуу кеңештердин тизмесин түзүштү: жетекчи-кызматчы жубундагы мамилелер ыңгайсыз болушу үчүн эмне кылуу керек?

1-зыян кеңеш: Жумуш берүүчү сиздин алдыңызда эмнеге милдеттүү экенин билиңиз

Жетекчилик менен көйгөйлөр болушун каалайсызбы? Ал абдан оңой! Жетекчинин бөлмөсүнө анын милдеттеринин тизмеси менен кириңиз: «А сиз мени качан АКШга окууга жибересиз? А сиз эмне үчүн мага жакшы мотивация бербейсиз? Бизде эмне үчүн соцбаштык жок? Келиңиз, түштөнүүнү бекер уюштурабыз»

Эмне үчүн мындай мамиле жетекчилик менен конфликтке алып келет? Анткени, жумуш берүүчү эмгек келишиминде каралган акчаны төлөшү керек, болду. Өзүн өстүрүү жана билимин тереңдетүү – бул, адамдын өзүнүн колунда. Балким, жетекчи окууга жибериши жана түштөнүүгө акча төлөшү мүмкүн, бирок ал мындай иштерди аткарганга милдеттүү эмес.

«Мен жолуктурган ар бир жумуш берүүчү өзүнүн кызматчыларына бир нерсе жасачу. Биринчи иретте кайсы жетекчи жана жумуш берүүчү болбосун, анын ою бизнес-жыйынтык деп аталган компаниянын багытына арналган. Багыттан тышкары ал кандай мотивациялык куралдарды колдонууга, жана аларды негизи эле пайдаланууга болобу деп ойлонот»,- дейт Л. Лукина.

Жетекчи жумушчунун тарабына караганда, көбүрөөк компания тарапта экенин эстен чыгарбаңыз. Аны берилген тапшырмалар кандай аткарылып жаткандыгы кызыктырат. Б.а. кызматчы катары сиздин тапшырмаңыз жумуш берүүчү үчүн кандай жол менен пайдалуу болоруңузду, өзүңүзгө кандай функцияларды аларыңызды түшүнүү болуп саналат, ошондо гана ийгилик жылмаят.

«Эгерде сиз жумушта бекер тамактануу болуусун кааласаңыз, анда бул аркылуу жетекчиңиз чындыгында кандай утушка ээ болорун түшүндүргөн атайын долбоор иштеп чыгышыңыз керек. Ал адамдарды тамактандырат, ал эми жумушчулар түштөнүүдөн кийин кечикпей келишет, же болбосо башка бир пайдалуу иш жасаганга үлгүрүшөт. Кандай идея болбосун, ал талап катары эмес, а сиз тараптан демилге болушу маанилүү»,- дейт эксперт.

2-зыян кеңеш: «Тактаңыз: Эмне үчүн мен?»

«Эмне үчүн мен? Эмнеге бул ишти мага жүктөдүңүз?» — деген суроону бир да жетекчи уккусу келбейт. Бул суроону эч качан берүүгө болбойт, сиз каалабаган жумуш берилсе да. Ар бир компанияда кызматчылардын калыстыгы бааланат. Кээ бир учурда сизге тиешеси жок, бирок компания үчүн маанилүү болгон жумуштарды аткарууга туура келет.

Мисалы, Элмира соода компаниясында сатуу менеджери болуп иштейт. Мурда эсеп-чотту бухгалтерия жүргүзчү. Бирок штатты оптималдоодо бул функцияны сатуу бөлүмүнө өткөрүштү. Эгерде Элмира берилген тапшырманы өсүүчү аймак катары кабыл алса, анда компанияга да жардам берет, ошондой эле өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн да кеңейтет.

«Бирок башкача да болушу мүмкүн. Эгерде сиз үчүн берилген бул жаңы иш оор болсо, же убактыңыз жетпесе, анда аргументтер менен бул тууралуу айтыңыз. Жетекчиңизге жайынча түшүндүрүңүз: «Мага биринчи, экинчи, үчүнчүсүн да тапшырдыңыз. Мен аларды кандай тартипте аткарышым керек?». Жетекчи артыкчылыктарды гана бербестен, о.э. мүмкүн аткаруу мезгилин узартат, жана да ал адамга бардыгын үйүп салгандыгы жөнүндө ойлонушу ыктымал. Берилген тапшырмалардын бирин өзүнө алат, же башка кызматчыга тапшырат»,- деп түшүндүрөт эксперт.

3-зыян кеңеш: «Түшүндүрүңүз: Мен чалдым, бирок жооп ала алган жокмун»

Сиз берилген тапшырманы аткарган жоксуз жана эмне үчүн экенин айтып жатасыз, «Чалып жооп ала алган жокмун, таппай койдум, жетишпей калдым…» Мындай жоопко жетекчи канааттанбайт. Тапшырма аткарылышы шарт. Эгерде жөнөкөй ыкма менен түшүндүрүү болбой жатса, анда эмне үчүн болбой жатат, кандай белгисиз себептер чыгып калды, аны чечүү үчүн кандай кошумча ресурстар бар экенин анализдеңиз.

Карьералык консультант мисал келтирет: «Эч убакта ийгиликсиздиктерди тапшырма аткарылыш керек болгон учурда айтууга болбойт. Берилген убакыт бүтөрүнө чейин келип түшүндүрүңүз: биз кандайдыр бир себептер менен чектелген убакытка чейин ишти бүтүрө албайбыз. Келиңиз, эмне кылышты чогуу сүйлөшөлү, менин варианттарым мындай…»

4-зыян кеңеш: «Сураңыз: Мен кызматтан качан көтөрүлөм?»

Кээ бир кызматчылар эки-үч айдан кийин эле кызмат ордунан көтөрүлүүнү ойлой баштайт. Кызматчы тажрыйбалуу болсо дагы, биринчи жылында эле көтөрүлүүнү каалоо – жаман мүнөз. Албетте башка жолдору да бар. Мисалы, стартаптарда көтөрүлүү абдан оңой жана тез.

Карьералык жактан өсүүнү жеңил ойлуулук менен карагандарга жогорку деңгээлдеги окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү мүнөздүү. Булар жергиликтүү жана чет элдик ЖОЖ болушу мүмкүн. Алар өзүлөрүн мыкты адистер катары эсептешет. Бирок андай эмес. Эч бир билим адамды тез эле профессионал кыла албайт.

«Чоң жоопкерчиликсиз маянанын көтөрүлүшү мүмкүн эмес, — дейт HR адиси. – Сиз кошумча жөндөмгө ээ болуп, топто эффективдүү бизнес-процесстерди уюштуруп, өзүңүздүн долбооруңузду сунуштай аласыз. Мына ошондо гана айтсаңыз болот: «Мен билем, бир айдан кийин кайсы кызмат вакансия болот, Ерлан иштен кетип жатат. Мен анын ордуна болууну каалачумун. Мен бардыгын аткарууга даярмын».

5-зыян кеңеш: «Бул кызмат орунда көп нерсеге жетишүүгө мүмкүн эместигин далилдеңиз»

Ар бир жетекчи ишмердүүлүктө кандайдыр бир жетишкендикти күтөт. Ал кандай гана кызмат болбосун, кечээкиге караганда бир аз жакшы жана көп нерсеге жетишүүгө мүмкүн болорун билет.

«Кызматчы: «Биздин адистигибизде бир нерсеге жетишүүгө мүмкүн эмес», «Мен – жөнөкөй эле менеджер, кичинекей адаммын», «Менден эч нерсе көз каранды эмес»- деп турса, анда бул жетекчини тынчсызданууга алып келет. Кандай адам кандай кызматта болбосун, андан эмне көз каранды экенин так билиши шарт. Эгерде ага кайсы бир кызматы үчүн акча төлөнсө, демек андан көп нерсе көз каранды жана жасалган эмгектин мыкты болушу өзүнүн колунда»,- дейт эксперт.

Жаңы жетекчилик менен иштеп баштоодо, анын кандай адам экенин жана кандай иш алып барышын байкаңыз. Идеалдуу жетекчи болбосун унутпаңыз. Бул тууралуу бизнес-машыктыруучу Ицхак Адизес өзүнүн китептеринде кененирээк жазган. Бардык адамдарда аткаруучу кызматтардын тизмеси бар – ойлоп табуу кызматы, администратор (тартипке келтирген жана системаны түзгөндөр), интеграторлор (багытталган максатка жетүү үчүн топ түзгөндөр), ишкерлер (жаңы идеялардын стратегиясы жана генерациясы).

Булардын ичинен жарымы өнүккөн, ал эми экинчи жарымы өнүкпөгөн болушу мүмкүн. Мисалы, ишкер дайыма жаңы нерселерди табат, тобокелге баруудан коркпойт (адамдар менен да), ошондуктан долбоорун өнүктүрөт. Ал эми интегратор болсо адамдарга кам көрөт жана аларды тобокелге сала албайт.

Берилген кеңештер ушундай. Сиздин алдыңызда кандай жетекчи турганын түшүнүңүз: ойлоп табуучубу, администраторбу, интегратор же ишкерби. Анда жок функцияны өзүңүзгө алыңыз. Мыкты жетекчи – башка кызматтарды аткаруу үчүн топ түзүүдө өзүнүн оң жана терс жактарын билген адам.

Булар зыян кеңештер экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Алмаштырбаңыз: мындай кылууга болбойт! Биз жетекчиңиз менен жакшы мамиледесиз деп ойлойбуз жана ишиңизге ийгилик каалайбыз.

 

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM