Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: 7-апрелди экинчи туулган күнүмдөй көрөм

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 954 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Апрель окуясына карата өктөн митинг-реквиемге катышып сөз сүйлөдү. Мурдагы мамлекет башчысы 7-апрелди экинчи туулган күнү катары көрөрүн белгилеп, 2010-жылдагы окуяны эскерди.

— 6-апрель күнү мени УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан чыгарып, кадимки эле түрмөгө которушту. Бир камерада 10 киши элек. Алар мени сыйлап, орун беришкен. Ошондо атылган октун үнү чыкканда Кудайдан жалынгам. «Кан төгүлбөсүнчү, мени эле алып кетчи», – деп тиленгем.

Атамбаев 24-марттагы революцияны мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү уурдап кеткенин айтып, учурдагы бийлик да ошол жолду кайталабасын деп кайгырып жатканын белгиледи. Өзүн «Манас» эпосундагы Кошойго салыштырып, чындыкты айтып жатканын билдиди.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 7-апрелде, «Медиа-форум» мекемесинин алдында Апрель окуясына карата митинг-реквием өтүүдө. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана партия мүчөлөрү, шаар тургундары катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM