Биз менен байланышыңыз

«Апрель баатырларынын жакындарына жетиштүү көңүл бурулбай жатат»

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 547 | 0

Апрель окуясында кайтыш болгондордун жакындарына жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Мындай пикирин КСДП партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Рыскелди Момбеков айтты. Ал шейит кеткендер кыргыз элине жеңилдик алып келсе да, алардын үй-бүлөсүнө жеңилдиктер болбой жатканын айтып сындады.

— Афган согушунун ардагерлери аман калганы үчүн айына 6000 сом алат экен. Шейит болгон балдардын жубайлары 3000 сом алышат экен. Кана теңчилик? Алар баатыр, баатырлардай барктайлы, — деди Момбеков.

Кошумчалай кетсек, 2010-жылкы апрель окуясында 88 жаран окко учуп, 100дөн ашык адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM