Биз менен байланышыңыз

Момбеков: «Бир бутум партияда, экинчиси фракцияда»

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 864 | 0

Депутат Рыскелди Момбеков КСДП партиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды. Мындай чечимден соң, эл өкүлү өзүнө кыйын кырдаал түзүлуп калганын айтты. Ал Апрель окуясына карата өтүп жаткан митинг-реквиемде сөз сүйлөп, оппозиция менен коалициянын ортосунда калганын билдирди.

— Бир бутум партияда, партиям оппозицияда. Бир бутуп фракцияда, фракциям коалицияда. Бирок калыс пикиримди айтканга укугум бар. Атамбаевдин досу Сооронбай Жээнбеков — менин да досум. Ал кишинин жан дүйнөсү жарды эмес, жакшы. Анын айланасындагылар жаңылык эмес, жаңылып айтып жатат деп ойлойм.

Кошумчалай кетсек, Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM