Биз менен байланышыңыз

Президент Апрель окуясында каза болгондорго куран окутууга катышат

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 950 | 0

Бүгүн, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуясында шейит кеткендерге куран окутууга катышат. Анда кайтыш болгондордун жакындары жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер да болмокчу. Куран окутуу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде өтөт.

Кошумчалай кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде эл ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан. Анда 80ден ашык адам каза таап, 100дөй жаран жарадар болгон. Бакиевдердин үй-бүлөсү өлкөдөн качып, Белоруссиядан башпаанек тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM