Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 44,4%га кыскарды

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 508 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң, жол кырсыгынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4 %га кыскарды. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5%га кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айып пул 15 күндүн ичинде 20 млн. 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүн тез жардам кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо зарыл.

«2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат. Жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды көзөмөлгө алган видеокамералар орнотулмакчы. Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жол кырсыгынан каза таааптыр. Бул санды эч болбоду дегенде, эки эсе кыскарта алсак, чоң жеңишибиз болот», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM