Биз менен байланышыңыз

Президент Апрель окуясынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча жарлык чыгарды

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 653 | 0

5-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, 2020-жылы Апрель революциясынын 10 жылдык мааракеси белгиленет.

Бул иш-чараны уюштуруу үчүн комитет түзүлүп, планды иштеп чыгуу тапшырылды.

Уюштуруу комитетине Президенттик Аппараттын башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев төрага болду.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясын эскерүү иш-чарасына катышып, анда Апрель окуясынын 10 жылдын белгилөө боюнча жарлык чыгарарын жар салган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM