Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 13-апрелде «Билим фестивалы» өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2019 | 879 | 0

Бишкекте 13-апрелде VII «Билим» фестивалы өтөт. Иш-чаранын бул жылкы темасы: «Кыргызстандын санариптик мууну» деп аталат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун өкүлү Нурзада Жээнбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 13-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинде 8-11-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү боюнча көргөзмө уюштурулат.

Саат 09:00-18:00 аралыгында өтө турчу жарманкеге IT адистерин даярдаган жогорку окуу жайлар, коллеждер да катышып, маалымат берет. Фестивалдын алкагында чет тилдерди үйрөнүү боюнча жаңы коммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде БААУнун профессорлору да дарс окуп, чеберчилик сабактарын өтүп беришет. Бардык мектептин мугалимдерин катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүү аракетиндебиз», — дейт Жээнбаева.

Маалыматка ылайык, бир сааттын ичинде интерактивдүү сабак өтүлүп, балдарга программалоонун негиздери түшүндүрүлөт.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү 4-майда борбордогу «Ала-Тоо» аянтында улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM