Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүгүн VII Билим Фестивалы башталды

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 538 | 0

Бишкекте бүгүн VII Билим Фестивалы башталды. Борбор калаада жыл сайын өтүп келген бул иш чара «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондусу тарабынан уюштурулууда.

Бул тууралуу аталган фонддун расмий сайтында айтылат.

Баш калаанын Асанбай кичирайонунда жайгашкан долбоорлоонун жаңычыл технологияларын эсепке алуу менен курулган заманбап университеттердин бири Борбор Азиядагы Америкалык университетинин (АУЦА) аймагында өткөрүү пландалган.

«Фестивалдын программасында 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландаштырылган. Анда катышуучуларга интерактивдүү көргөзмө, мультимедия инсталляциялары, 3D купол, роботтордун мелдеши, астрономиялык байкоо жүргүзүүлөр, илимий таанып билүү тасмалары көргөзүлөт. Ошондой эле IT жана программалоо тармагындагы серепчилер менен жолугушуулар, концерттер, театралдык көрсөтүүлөр, бий мелдештери уюштурулуп, белгилүү адамдар балдарга китеп окуп берет», — деп жазылат маалыматта.

VII Билим Фестивалы «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондусу, Бишкек шаарынын мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка Университети тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО, «Сорос-Кыргызстан» фонду, KICB банкы, КРнын Билим берүү жана илим Министирлиги, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте өткөрүлгөнү жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM