Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Бир жылда кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин түшүндүк

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 655 | 0

Өкмөт бир жылдан бери кайсы тармакта кандай маселе бар экенин түшүндү. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында айтты. Анда ал аткаруу бийлиги кылган ишин айтпай, тынч иштеп жатканын туура деп баалады.

-Кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин түшүндүк. Эми реформа кылышыбыз керек. Өкмөттүн максаты: бюджетти өзүбүз камсыз кыла турган абалга жеткирүү. Көмүскөдөгү экономиканы кыскартып, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы маяналарды көбөйтүүнү карашыбыз керек.

Кошумчалай кетсек, өкмөт өтүп жаткан жыйынында күзгү-кышкы мезгилге даярдыкты карап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM