Биз менен байланышыңыз

Ажылык-2019: Ажы башчыларды каттоо башталды

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 822 | 0

Ажы башчылыкка каттоо бүгүн, 4-апрелде башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ажылык сапарга аттанган мекендештерибизди коштоп баруучу ажы башчыларды каттоого алуу 4-19-апрель аралыгында саат 17:00гө чейин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы ажыларды серверге каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде өткөрүлүп, келечектеги ажы башчылар шарияттагы ажылык маселелери боюнча өз күчтөрүн сынап көрүшөт. Тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн саны ажы башчылыкка берилген квотадан ашып кеткен учурда, аңгемелешүү аркылуу ажы башчылыкка тандалып алынат.

2019-жылы Ажы башчылыкка талапкерлердин документтерин кабыл алуудагы каттоо тартибин жүргүзүүнүн 20дай талаптары бар. Ажы башчыларга коюлган талаптар боюнча https://muftiyat.kg/janylyktar/7642/ сайтына кирип, кенен таанышууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM