Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев КСДПнын Чүй облустук жыйынына катышты

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 666 | 0

КСДП партиясынын Чүй облусунда өткөрүлгөн жыйынына экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Чүй облусунун 10 районунан 115 партия мүчөсү келди.

Ошондой эле жыйында 6-апрелде Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтө турган КСДПнын съездине Чүй облусунан 27 делегат шайланды.

Эскек салсак, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жыйындары буга чейин башка облустарда өткөрүлүп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM