Биз менен байланышыңыз

УКМК террордук топко көмөкчү деп шектелген жаранды кармады

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 441 | 0

Улуттук коопсуздук комитети террордук топторго көмөкчү болууга шектелген 24 жаштагы Кыргызстандын жаранын колго түшүрдү. Шектүү 27-мартта кармалганын УКМКнын маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Окуя УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында өнөктөш кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында болгон.

Такталган боюнча кармалган адам чет өлкөдө иштеп жүргөндө, КР жараны 1996-жылы туулган Х.Р. менен байланышта болгон. Х.Р. КР УКМК тарабынан 2018-жылдын декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча күчөтүлгөн режимде жалпы тартиптеги жаза өтөө колониясында 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

А.И. көрсөтмөсү боюнча ал чет өлкөдө жүргөн мезгилде, Х.Р. ЭТУ иш аракеттерин акча каражаттары менен каржылоо максатында Туркия мамлекетине, андан ары Сириянын согуш жүрүп жаткан аймагына кетүүсүнө жардам берген.

Чогултулган материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 1-бөлүмү (Жалдануучулук, башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарга же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерге пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук чыр-чатактарда же аракеттерде пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM