Биз менен байланышыңыз

«Бийлик чек арадагы айдоочулардан кабар алабы?»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2019 | 474 | 0

Соода өнөр жай палатасынын транспорт комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим «Марал» радиосуна берген маегинде бийлик кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга башка өлкөнүн жарандарындай мамиле кылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, казак тарап бир нерсе жакпай калса, дароо «кыргыздар аткезчилик кылып жатат» деп чыга келүүдө. Чек араларды жабууга жүйөлүү себептер жок.

Ал эми кыргыз өкмөтү кырдаал жаралары менен расмий кайрылуу жасашы керек болчу. Тилекке каршы, бири да абалдан кабар алып койгонго жарабады. Кайдыгер мамиле жасап жатышат.

«2015-жылдан бери товар ташылып жатат. Анда эмне үчүн убагында үн катышкан эмес? Кыргыз тарап бир да регламентти аткарбай келген болсо, казактар бир ай мурда расмий түрдө, дипломатиялык негизде эскертүү бериши керек эле. Эми жол жаап койгону, эл аралык деңгээлде өтө «пастык». Хоргос өткөрүү пунктунан темир жол, автожол аркылуу Кыргызстанга келген товарларга караганда 15 эсе көп жүк кирет. Алардын баарынын документтери төп келип, идеалдуу түрдө өтүп жатат дегенден алысмын. Мындай мониториг жүргүзө турган болсо, Орусия Федерациясына расмий кайрылалы, алар да чек арасын көзөмөлдөсүн. Ошол учурда кайсы тарап аткезчилик кылып жатканы ачыкка чыкмак», — дейт Маткерим.

Ал буга кошумча, казак тарап 2017-жыл чек араны жапканда да, негизсиз жүйөлөрдү койгонун эске салды.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаа тыгыны узарууда. Буга 19-марттан тарта казак тараптан транспортторду текшерүү көп убакытты алганы себеп болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM