Биз менен байланышыңыз

«Казак тарап ЕАЭБдин регламентин бузуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2019 | 532 | 0

Казак тарап транзиттик жүктөрдү токтотууга укуктуу эмес. Алар ЕАЭБдин регламентин бузуп жатат. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын транспорт комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жүк ташуу эрежелерине ылайык, чек арада компьютер 10 унаанын бирөөсүн тандап текшерет. Көзөмөл учурунда башка унааларга тоскоолдук жаратылбашы керек.

«Заманбап технологиялар менен канча жүк кирип жатканын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кийим-кечекке чейин бирден санап, кыргыз айдоочуларына тоскоолдук жараткан туура эмес. Расмий бийлик  күнөөнү өздөрүнө жолоткусу келбей, «Мен жакшы турам, тиги тийишип жатат» дегендей мамиле кылууда. Айдоочулар көзөмөлдөн качып жатат дегенден алысмын. Товарлар текшерүү учурунда тебелендиде калып, таңгактары бузулуп калып атат. Казактар «Товарды 100% текшеребиз», — дейт. Мисалы, 22 тонна жүктү саноо үчүн 10-12 саат кетет», — дейт Маткерим.

Ал буга кошумча, жол жабуу өтө чоң жаңжалдарга себеп болушу мүмкүн экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM