Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу шаарында айыл чарбасын колдоо борбору ачылды

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 570 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Ош облусунун Кара-Суу шаарында «Бай-Дыйкан» деп аталган биринчи айыл чарбасын  колдоо борбору ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Бай-Дыйкан» долбоору айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталып, 2020-жылга чейин курулушу пландалып жаткан 41 борбордун бири болуп саналат.

Борбордун ачылышына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев катышты.

Айыл чарбасын колдоо борбору фермерлерге жана дыйкандарга өздөрүнүн тармактары боюнча кеңеш берип, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди жана сапаттуу үрөндөрдү өндүрүүнү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Борбордо күн сайын 40тан 60ка чейинки фермерлерге тейлөө көрсөткөн сегиз айыл чарба адиси эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM