Биз менен байланышыңыз

Президент 7-Апрель окуясынын катышуучулары менен жолукту

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 1066 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, коомдук уюмдардын 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясына катышкан өкүлдөрү, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү тарыхый окуя экенин белгиледи.

«Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымын жана жаркын элесин түбөлүк калтыруу максатында 2020-жылы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча тийиштүү жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары социалдык-экономикалык маселелерге, аймактарды өнүктүрүүгө, сот реформасын жүргүзүүгө, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу каалоо-тилектерин жана өтүнүчтөрүн айтышып, Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана элдин биримдигин бекемдөөгө багытталган саясатын ар тараптан колдой тургандыктарын белгилешти.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын Элес», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлары» биримдиги, «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Президенттик Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Copyright © 2017 Maral FM