Биз менен байланышыңыз

Ош: «Жаш куткаруучулар» командасы түзүлөт

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 664 | 0

Ош шаарынын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарында «Жаш куткаруучулар» командасы түзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык Жаштар комитети билдирди.

Ош шаарынын жаштарын табигый кырсыктарды алдын алуу иштерине тартуу, жаш куткаруучуларды даярдоо жана шаардын жашоо-турмушундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында Ош шаарындагы ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарында «Жаш куткаруучулар» командасын түзүү боюнча маселе каралды.

Жыйындын соңунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы, Улуттук Кызыл Ай Коомунун Ош облустук өкүлчүлүгү жана Ош шаардык Жаштар комитети биргеликте иш алып баруу боюнча «Жаш куткаруучулар» командасынын жобосун кабыл алышты.

Кошумчалай кетсек, «Жаш куткаруучулар» командасына  Ош шаарынын муниципалдык-аймактык башкармалыктарынын ар биринен 18 жаштан 25 жашка чейинки ондон улан-кыз кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM