Биз менен байланышыңыз

УКМК: Зилалиев коомчулуктун көңүлүн бурдургусу келип жатат

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 548 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсүнө жооп берди. Анда органдын кызматкерлери Зилалиевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүгө бир да жолу мажбурлабаганы айтылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

— Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда Зилалиевдин ишине байланыштуу тергөө уланууда, бирок ал өзү көрсөтмө берүүдөн баш тартууда, — деп айтылат маалыматта.

Зилалиевдин билдирүү жасаганын коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында экендиги да жазылган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Дүйшөнбек Зилалиевге УКМК кызматкерлери экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштаганын билдирген.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура тарабынан «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 8-декабрда камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM