Биз менен байланышыңыз

УКМК: Орусияга баңги зат ташып бараткан 3 жаран кармалды

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 441 | 0

30-мартта Ош эл аралык аэропортунан баңги затын ташып бараткан коңшу өлкөнүн 3 жараны кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, алар 1993-жылы туулган Ш. А., 1986-жылы туулган С. Г. жана 1987-жылы туулган С. С. аттуу адамдар.

Такталган маалыматтар боюнча, аталган кылмыштуу топ баңги заттарды Кыргызстан аркылуу Орусия өлкөсүнө жекирүү максатын көздөшкөн.

Багажды текшерүү учурунда андагы жашыруун орундан жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылган.

Табылган заттар өзгөчө жыты бар героин болуп эсептелинет.

Бул факт боюнча УКМКнын Тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган адамдар Ош шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM