Connect with us

«18 жаштан өткөн майыптардын да маселеси каралат»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2019 | 1164 | 0

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы боюнча программа иштеп баштаса, 18 жаштан өткөн майыптарга да жеке ассистенттердин социалдык кызматын пайдалануу маселеси каралат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министрлик БУУнун Конвенциясынан соң, «Жеткиликтүү өлкө» программасын иштеп чыгат.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги инклюзивдик билим берүү боюнча программанын үстүндө иштеп жатат. Анын алкагында майып балдар да толук билим ала алат. Мугалимдер төшөктөн тура албаган майып балдардын үйүнө барып окутат.

Майып жаран жөндөмдүү болсо, шарты туура келсе, мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерге жарыяланган вакансиялар боюнча сынактарга документтерин тапшырса болот.

«Ар бир мекемеде жумуш орундарынынын 5 %ы майыптарга каралган. Эгерде кайсы бир ишкана майыптарды жумушка алуудан баш тартса, кошумча салык төлөйт», — дейт Алыбаева.

Алыбаева кошумчалагандай, жалпы кирешеси 900 сомдон ашпаган үй-бүлөгө 1000-4000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM