Биз менен байланышыңыз

«18 жаштан өткөн майыптарды карагандарга да маяна берүү каралууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2019 | 1337 | 1

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи план түзүлдү. Эми майыптар менен иш алып барган уюмдар менен талкуулоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Айтымында, талкууланган программа апрель айынын соңунда өкмөткө сунушталат.

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын жүзөгө ашыруу үчүн 10 жылга 6 млрд. сом керектелет.

«Ал акчага социалдык механизмдерди жаңыртуу боюнча иштер жасалат. Тагыраагы, майыптардын санаториялык-курорттук дарылануусуна, протездик-ортопедиалык буюмдарга, социалдык инфрасктруктураларды жакшыртууга, жеке ассистенттердин маянасына сарпталат. 18 жашка чейинки майып балдардын ассистенттерине 4900 сомдон төлөнөт. 18 жаштан өткөн майыптарды карагандарга да айлык акы берүү маселесин карап жатабыз. Так санын эсептеп чыга алсак, өкмөткө сунуштайбыз», — дейт Алыбаева.

Маалыматка ылайык, өлкөдө көзөмөлгө муктаж 6 миң майып бала бар. Аларды баккан жеке ассистенттер үчүн жыл сайын 420 млн. сом маяна талап кылынат.

Майып балага өз ата-энеси, асырап алган ата-энеси,  чоң атасы, чоң апасы, жакын туугандары,  алысыраак туугандары жана башкалар жеке ассистент боло алышат.

Copyright © 2017 Maral FM