Биз менен байланышыңыз

Баланын укуктары конвенциясына карата иш-чаралар өтөт

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 640 | 0

Бүгүн өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын Кыргызстанда өткөрүлүүчү мааракелик иш-чараларынын планы талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган Конвенциянын кабыл алынганына быйыл 30 жыл толот. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган. Буга байланыштуу Кыргызстан да маараке өткөрүүгө даярдык көрөт. Анткени, Кыргыз Республикасы аталган документке 25 жыл мурда, 1994-жылдын 12-январында кошулган.

Жумушчу отурумду Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өткөрүп, ага мамлекеттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM