Биз менен байланышыңыз

Айылдык кыздардын 18 %ы турмушка эрте чыгат

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 665 | 0

Айыл аймактарында турмушка эрте чыккан кыздар 18 %ды түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, жалпы өлкө боюнча турмушка эрте чыккан кыздар 12%га жетет. Мунун ичинен айыл жергесинде 18 %ды, ал эми шаар жергесинде 7 %ды түзөт.

Ошондой эле, ал турмушка эрте чыгуу маселеси боюнча атайын программа иштелип чыгып, адистер кыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM