Биз менен байланышыңыз

Алыбаева: Майып балдарды караган ассистенттердин баары бирдей маяна алат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2019 | 1152 | 1

18 жашка толо элек балдар майыптык топко бөлүнбөйт. Ошол себептен, майып балдарды караган ассистенттердин баары бирдей маяна алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

«Баласы майып ата-эне, же аны карай турган адам алгач өзү жашаган аймактагы социалдык коргоо башкармалыгына арыз менен кайрылуусу зарыл. Баланын майыптыгы тууралуу документте Медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын (МСЭК) туруктуу кароого муктаж деген корутундусу болушу керек. Мындан сырткары, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ассистенттин паспорту, психикалык дарты жоктугу жөнүндө медициналык бүтүм, жашаган жеринен маалымкат, банктык эсеп картасы тууралуу маалымкат талап кылынат», — дейт Алыбаева.

Анын билдиришинче, өлкөдө 27 МСЭК бар. Алардын ачык-айкын иштөөсүн камсыздоо үчүн мекемелерге видео камераларды коюу маселеси каралып жатат. МСЕКтерди көзөмөлдөө боюнча коомдук кеңештер түзүлүүдө. 

 Белгилей кетсек, өлкөдө 30 миңдей майып болсо, алардын алты миңи каттоодо турган 18 жашка чейинки балдар. Алар туруктуу кароого муктаж болгондуктан, алты миң баланын ата-энесине гана айлык төлөнөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Асел

    03.04.2019 07:20

    Кыргызстандан канча баласы болсо баратып эне статусуна ээ болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM