Биз менен байланышыңыз

«Кадрдык саясатта президенттин туугандары көбөйүп кеткенин айткандар уялсын»

Без рубрики | 1 Апр 2019 | 408 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берүүгө эрте экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчынын ишинин жыйынтыгы 3-4 жылда сезилет. Ал эми ага 6 жылдан соң баа берилет.

Зулпукаров мындан сырткары, «кадрдык саятсатта президенттин туугандары көбөйүп кетти» деген сөздөрдү айткандар уялышы керектигин белгиледи.

«Жалпы элдин, депутаттардын добушу менен шайланган адамдарды тууганчылык жол менен кызматка келди деп айтуу туура эмес. Айрымдар жалган маалымат таратууда. Алсак, Алиярбек Абжалиев депутат болгондо, Сооробай Жээнбеков менен куда боло элек эле. Балдары кийин баш кошуп жатат. Акылдуу, билимдүү адамдар айтылган маалыматтарды адегенде анализдеши керек», — дейт Зулпукаров.

Эл өкүлү буга кошумча, азырынча өкмөттүн ишине да баа берүүгө да эрте экенин билдирди.

«Өкмөт айрым маселелерде чабалдык кылууда. Өкмөт башчы бул жылы толук кандуу иштейт. Андыктан, быйыл өзүнө гана баа берилет. Азырынча өкмөткө апрель айында баа берүү туура эмес. Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш бийлик бутактарынын баарына ачык. Демокротиянын туу чокусуна жакшы эле жеттик. Бирок, демократиянын маданиятын түшүнүп алышыбыз абзел», — дейт дептат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM