Биз менен байланышыңыз

10 миң доллар таап бер деп коркуткан кылмышкерлер кармалды

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 603 | 0

Чүй облусунун тургунунан ири суммадагы акча каражатын талап кылган, өздөрүн криминалдык авторитет аташкан кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кымышкерлер Чүй облусунун тургунунун үйүнө уруксатсыз кирип барышып, бычак такап коркутушуп, 10 миң доллар берүүсүн талап кылышкан.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунун тургуну, 1984-жылы туулган Ж. А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда карактоо жана коркутуп-үркүтүү беренелери боюнча соттолгон.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү учурунда, далил буюм катары жабырлануучуну коркуткан бычак табылган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Коркутуу), 170-берененин 2-бөлүмү (Адам уурдоо), 266-берененин 2-бөлүмүнө (Бейбаштык) ылайык сотко чейинки иликтөөлөр башталды.

Учурда кармалган жарандын мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM