Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы шайлоо: Анкара, Измир жана Стамбулда оппозиция жеңди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 1539 | 0
Түркиядагы жергиликтүү бийлик жана шаар мэрлерин шайлоо боюнча добуштарды эсептөө дээрлик аяктады. Бул тууралуу Анадолу агенттиги расмий сайтына жарыялады.
Маалым болгондой, Стамбул мэрлигине болгон шайлоодо оппозициялык «Респуликалык кыймыл» партиясынан талапкер Экрем Имамоглу 4 млн. 168 миң 546 добуш алып, жеңүүчү аталды. Ал эми аталган кызматка бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» (АК партия) партиясынан  талапкер болгон Биналы Йылдырым 4 млн. 142 миң 791 добуш алган. Учурда добуштардын 99, 95 %ы эсептелип бүттү.
Маалым болгондой, Түркияда кечээ 31-мартта жергиликтүү бийликке жана шаарлардын мэрлигине талапкерлерди шайлоо болуп өттү.
Акыркы маалыматтарга ылайык, бийликтеги АК партия аймактардын 45 %га жакынында жеңишке жетти.  Бирок, эң маанилүү жана стратегиялык делген ири  үч шаарды: борбор калаа Анкара шаарын, ошондой эле Измир жана Стамбул шаарларын жетектөөнү «Респуликалык кыймыл» партиясына алдырып жиберди.

Copyright © 2017 Maral FM