Маалым болгондой, Түркияда кечээ 31-мартта жергиликтүү бийликке жана шаарлардын мэрлигине талапкерлерди шайлоо болуп өттү.
Акыркы маалыматтарга ылайык, бийликтеги АК партия аймактардын 45 %га жакынында жеңишке жетти. Бирок, эң маанилүү жана стратегиялык делген ири үч шаарды: борбор калаа Анкара шаарын, ошондой эле Измир жана Стамбул шаарларын жетектөөнү «Респуликалык кыймыл» партиясына алдырып жиберди.