Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Өкмөттүн өкүлү Акрам Мадумаровду чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 503 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду Баткен облустук администрациясынын кызматкерлерине тааныштырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Баткен облусу географиялык жайгашуу орду жана жаратылыш шарттарынан улам стратегиялык аймак болуп саналарын өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу облустун жетекчилигине өзгөчө милдеттер коюлганын, аны маселени терең түшүнгөн адам гана чече аларын билдирди.  Премьер-министр белгилегендей, жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоодо, анын эмгек жолу жана топтогон тажрыйбасы эске алынган.

Акрам Мадумаров облустун эң ири Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, Акрам Камбаралиевич Баткен облусун өнүктүрүүдө мыкты салым кошот деп ишенем”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчысы облустун жаңы жетекчисин социалдык көйгөйлөргө жана чек аралык кызматташуу маселелерине биринчи кезекте көңүл бурууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM