Биз менен байланышыңыз

УКМК чет элдиктерди Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирген чиновниктерди аныктады

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 440 | 0

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандын аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды ташыган каналдарды, ага тиешеси бар күч органдарындагы чиновниктерди аныктады.

Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын март айларында «Манас» аба майданындагы көзөмөл өткөрмө пунктунун кызматкери, чек ара кызматынын прапорщиги М.Д. Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын базасына мыйзамсыз каттап,  документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген. Бул кызматы үчүн 900 АКШ доллар өлчөмүндөгү «акы» алган.

УКМК чогулткан материалдардын негизинде 2019-жылдын 27-мартында Аскер прокуратурасы тарабынан  КР Кылмыш-жаза кодексинин 320- кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 329- кызматтык жасалмачылык жана 329- пара алуу беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM