Биз менен байланышыңыз

Ташкенттин ашпозчулары 8 тонна сүмөлөк бышырды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 913 | 0

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 8 тонна сүмөлөк бышырылды. Аталган маалыматты sputnik.com  сайтынын өзбек кызматы өздүк баракчасына жазды.

Кечээ 50 ашпозчу тарабынан бышырылган сүмөлөккө 7 тонна ун, 3 миң литр суу сарпталган. Бышкандан кийинки салмагы 8 тонна болгон даам бүгүн атайын идиштерге куюлуп, балдар жана карылар үйүнө жеткирилди. Алардан ашканы шаар тургундарына жана каалоочулардын баарына таркатылды.

Ашпозчулардын аталган сайтка берген маалыматында, иш-чараны уюштуруучулар эч кандай рекорддук көрсөткүчтү көздөшкөн эмес. Жөн гана кайрымдуулук жасагылары келген.

Copyright © 2017 Maral FM